Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Президенттик аппарат: А. Атамбаев К. Батыров менен бир эле жолу жолуккан


Кадыржан Батыров.

Кадыржан Батыров.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыров менен бир эле жолу жолуккан. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, ал жолугушууда Батыров өзбек өкүлдөрүн мамлекеттик кызматка тартуу тууралуу сунушун киргизген.

Бирок Атамбаев айтылгандарга макул болбостон Батыров тарабынан этникалык негизде “Ватан” партиясы түзүлүп жатканы өзбек жамаатын өзүнчө бөлүп парламенттик шайлоого аттануу өлкө бүтүндүгү үчүн коркунучтуу кадам экенин белгилеген. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында өзбек жамаатынын лидери Кадыржан Батыров айтылган кеңештерди укпастан, Убактылуу өкмөттүн катарындагы башка адамдар менен биригип кеткени президенттик аппараттын билдирүүсүндө айтылат.

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү тарабынан 2010-жылдын июнь окуясындагы жашырылып жаткан маалыматтар акыры ачыкка чыгат, – деп ырасталат президенттик аппарат тараткан маалыматта.

Ушул жумада июнь коогасын уюштурган деп сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, эл аралык издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров “Азаттыкка” маек куруп, өзүнүн 2010-жылы майда Кыргызстандан Убакытлуу өкмөт мүчөлөрүнүн өтүнүчү менен чыгып кеткенин айткан. Ал Кыргызстандан чыгып кеткенге чейин эки-үч жолу Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, биртоп маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 15-сентябрда Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырган. Учурда Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМден түзүлгөн тергөө тобу Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланууда. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG