Эл аралык бейөкмөт уюм жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзамдын парламентте кабыл алынышын кубаттады. Amnesty International уюмунун сайтында маалымдалгандай, Кыргызстанда кыздардын укугун коргоодо бир топ жылыш бар.
5-октябрда Жогорку Кеңеш жашы жете элек кыздарга нике кыюуга тыюу салган долбоорду 3-окууда кабыл алды. Эл аралык уюм мыйзамдын кабыл алынышына жарандык активисттер олуттуу салым кошконун белгиледи.
Бул мыйзам президент тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирмекчи. Кылмыш-жаза жана Үй-бүлө кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жашы жете электерге нике кыйгандар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, турмуш курган кыздардын 15% 18 жашка чейин никеге тургандар. Анын ичинен бир пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыккандар. Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15 - 18 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат. (SDz)