Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Финляндия аба мейкиндигин бузду деп Орусиядан шек саноодо


Орусиянын СУ-27 учагы.

Орусиянын СУ-27 учагы.

Финляндия коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын СУ-27 үлгүсүгдөгү аскерий учагы 6-октябрь күнү өлкөнүн аба мейкиндигине ичкери бир чакырымдай кирип, анын Финляндия аймагындагы учуусу бир мүнөттөй созулган.

Бирок, Орусиянын коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн учагы эл аралык эрежелерге ылайык аракеттенгенин, Фин булуңундагы эл аралык суулардын үстүндө машыгууда болгонун белгиледи.

Москва 2014-жылы Крымды анексиялагандан бери Финляндия буга чейин да Орусияны анын аба мейкиндигин бузганы үчүн бир нече ирет айыптаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG