Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

50 тонна кумшекердин баасы арзандатылып көрсөтүлгөн


Кант.
Кант.

Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 1 млн. сомдон ашык арзандатылган баа менен 50 тонна кумшекер ташып келүү фактысын аныктады. Мыйзам бузуу Талас облусундагы “Чоң-Капка” өткөрмө пуктунда катталган. Жеке ишкерге таандык эки жүк ташуучу автоунаадагы кумшекердин ыктыярдуу патенттери жок болгон.

Жалпысынан Салык кызматы 19-сентябрдан бери товар ташууда мыйзам бузуунун ондон ашык фактысын аныктаган.

Буга чейин Салык кызматы жеке ишкерлер салыктан качып атайын арзандатылган баа менен Кыргызстанга товарларды ташып келип жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG