Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

БУУнун Коопсуздук кеңеши Алепподогу абалды талкуулайт


Алеппонун козголоңчулар колундагы району. 6-октябрь, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы району. 6-октябрь, 2016-жыл.

Мындан улам Коопсуздук кеңеши бүгүн чукул жыйынга чогулганы жатат.

Анда Сириянын Алеппо шаарынан “аль-Каида” менен “ал-Нусра” террорчул уюмдарынан калган азыркы “Фатах ал-Шам” тобунун согушкерлерин чыгаруу боюнча сунуш талкууланмакчы.

"Фатах ал-Шам” тобунун согушкерлеринин саны 900дөй деп болжолдонууда. Аларды шаардын сыртына чыгарууну кечээ БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура сунуш кылып, жанкечтилерди өздөрү тандаган жерге чейин коштоп барууга даярдыгын билдирген.

Стаффан де Мистура белгилегендей, көжөлгөн 900дөй согушкерлердин айынан Алеппонун чыгыш секторунда 275 миңдей киши козголоңчулар менен кошо аба соккуларга кабылууда.

Сирия өкмөтү менен Орусия Алепподо эл аралык коомчулук кескин сынга алган аба соккуларын террорчуларды бутага алуу деп түшүндүрүүдө.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Алепподон “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлерди чыгаруу сунушун “конструктивдүү кадам” деп атап, ал “дыкат кароого”татыктуу экенин белгиледи.

БУУ чабарманы Стафан де Мистура билдиргендей, Алепподо аба соккулардан акыркы эки аптада кеминде 376 адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG