Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Керри: Орусия менен Сирия режиминин аракетин иликтөө керек


Жон Керри жана Жан Марк Эро. Вашингтон, 7-октябрь, 2016-жыл.
Жон Керри жана Жан Марк Эро. Вашингтон, 7-октябрь, 2016-жыл.

Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри билдирди. Ал Вашингтондо француз тышкы иштер министри Жан Марк Эро менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйында:

"Орусия менен Сирия режими дүйнөгө эмне үчүн ооруканалар менен медициналык жайларды, анын ичинде аялдар менен балдарга сокку урууну улантып жатканын түшүндүрүүдөн да көпкө милдеттүү. Бул аракеттер аларды согуш кылмыштары катары талаптагыдай иликтөөгө түрткү берүүдө жана ага күнөлүүлөр жоопко тартылышы абзел. Алардын аракеттери капыстыктын чегинен чыгып кетти. Бул жайкын тургундарга террорчулук кылуу, аскерий буталардын жолундагылардын баарын жок кылуу боюнча максаттуу стратегия", - деди Жон Керри ​

БУУ Сирия боюнча чабарманы Стафан де Мистуранын айтымында, Алеппо шаарынын козголоңчулар колундагы чыгыш бөлүгүндө аба соккулардан акыркы эки аптада кеминде 376 адамдын өмүрү кыйылды.

Орусия жана Сирия бийлиги аба соккулар учурунда жайкын калк эмес, террорчулар бутага алынууда деп эсептөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG