Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

"Азия Mix" командасы КВНдин Жогорку лигасынын финалында ойнойт


"Азия Mix" командасы.

"Азия Mix" командасы.

Бишкектин "Азия Mix" командасы эл аралык КВН союзунун Жогорку лигасынын финалына жолдомо алды. Оюндун расмий сайтындагы маалыматка караганда, 7-октябрда Жогорку лиганын экинчи жарым финалдык оюну болгон. Финалга чыгуу үчүн өнөр таймашында "Азия Mix" оюнчулары "Сборная Цирка" (Москва), "Доброжелательный Роман" (Санкт-Петербург), «Радио Свобода» (Ярославль) командалары менен таймашты.

Саламдашуу, биатлон, видеоблог жана музыкалык фристайл деп аталган төрт сынактын жыйынтыгында 15.7 упай топтогон "Азия Mix" жарым финалдын жеңүүчүсү аталып, финалда ойноого мүмкүнчүлүк алышты.

Орусиянын Ярославль шаарынын «Радио Свобода» командасы 15.4 упай топтоп финалга экинчи жолдомого ээ болушту. Калыстар тобунун төрагасы Константин Эрнст Москванын "Сборная Цирка" оюнчуларын финалда ойногондордун тизмесине кошууну өтүндү. Эми 2016-жылдагы сезондун финалдык бөлүгүндө «Спарта» (Астана), Мурманск шаарынын курамасы, "Сборная Цирка" (Москва), «Азия Mix» (Бишкек), «Радио Свобода» (Ярославль) командалары баш байге үчүн беттешишет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG