Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Туңгучта жерге байланыштуу митинг өтүүдө


Бишкектин Туңгуч районунда үй салууга жер алып, бирок курулушка уруксат берилбей жатканын айткан жүздөн ашуун тургундар бүгүн митингге чыгышты. Алар “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, Лебединовка айыл өкмөтүнөн алты жыл мурун үй салууга жер алышкан. Тийиштүү төлөмдөр төгүлүп, бардык уруксат кагаздар берилген. Бирок өкмөттөн токтом чыкпай калган. Митингге чогулушкандар маселени тез арада чечүү талабын айтышып, болбосо курулушту баштай беришерин айтышууда.

Жер Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү митингчилерге барып жолугуп, документтерди мыйзамдаштырганча күтүп турууну суранышты. Чогулгандар тарай элек. (SE)

XS
SM
MD
LG