Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Курултай: саясий күчтөрдө эрк жок болуп жатканы сындалды


Бишкектеги оппозициянын жыйыны.
Бишкектеги оппозициянын жыйыны.

Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова саясий күчтөрдө эрк жок экенин, алар бири бирин жамандоо менен алектенип, элге үлгү болбой жатканын сындады. Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы өтүп жаткан курултайда айтты. Абал мындай уланса, Баш мыйзам сөзсүз өзгөртүлөрүн белгилеген Жакупова саясий күчтөр биригүүсү зарылдыгына токтолду.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова да Конституцияны өзгөртүү туура эместигин белгилеп, муну бийликтин элди алдоо ыкмасы, калпы катары сыпаттады.

Оппозиция жана “Референдумга - жок” кыймылынын активисттери уюштурган курултай Бишкектеги орус драма театрында өтүп жатат. Ага бийлик өкүлдөрү да чакырылган, бирок алардан бир да өкүл келген жок. Жыйынга 600дөн ашуун адам чогулганын уюштуруу комитети маалымдады. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG