Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алып, пенсия маселесин талкуулады.

Абжапаров пенсияны терминалдардан алуу үчүн Социалдык фонддун өз биллинг системасын түзүү боюнча иш башталганын жана электрондук отчет түзүмү кирип жатканын айтып берди.

Президент мамлекеттин пенсионерлер алдындагы милдеттенмелерин сапаттуу, өз убагында жана толук көлөмдө аткаруу зарылдыгын тапшырганын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо суммасы 5173 сомду түздү. Ага чейин өлкөдө 605 миңге чукул адам орточо 4753 сомдон пенсия алып келишкен.

Ай сайын 10 миң сомдон аз алгандарга 15%, 10 миңден көп алгандарга 8% пенсия кошулду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG