Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

АКШ президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамптын аялдарды азгыруу боюнча адепсиз жоругу тууралуу чуулуу тасма чыкты. The Washington Post гезити жума күнү жарыялаган видеодо Трамп өзү аялдарды жолдон уруу жөндөмү тууралуу орой жана ачык сүйлөгөн.

Маалыматтарга караганда, тасма 11 жыл мурун автобуста тартылган. Видеодо Трамп менен алып баруучу Билли Буштун сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Анда Трамп күйөөсү бар аялды азгыруу аракетин, каалаган аял менен мындай ишке барууга кудурети жетерин ачык жана уят сөздөр менен айтып жатканын көрүүгө болот.

Мындан улам шашылыш комментарий берген Трамп “Бул эркектер ортосундагы жеке сүйлөшүү болчу. Эгер бирөө жарымдын абийирине шек келтирсем, кечирим сурайм”,- деп билдирди.

Бул тасма шайлоо алдында болчу экинчи теледебатка эки күн калганда чыкты.

Президенттикке Дональд Трамптан тышкары, демократтар партиясынан Хиллари Клинтон ат салышууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG