Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 15:20

Мамлекеттик бажы кызматы 648 миң сомго Швейцария сааттарын сатып алуу боюнча жарыялаган тендерди токтотту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, сатып алуулар боюнча түзүлгөн келишимдер каалаган учурда жокко чыгарылса болорун белгиледи.

Мурдараак Бажы кызматы 648 миң сомго 60 даана кол саат сатып алууга тендер жарыялаганын Мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлаган. Талап боюнча, аялдардын 20, эркектердин 40 даана сааты алынмак. Куру териден болушу керектиги көрсөтүлгөн. Ал белек катары 31-декабрда мыкты кызматкерлерге тапшырылмак.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG