Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

“Мээр жазы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ыргалай Бекмуратова оппозициянын курултайына катышканы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери коркутуп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Курултайдан чыгарым менен өзүн Максат деп тааныштырган жигит жаныма келип, “Эмнеге курултайга катыштыңыз? Бул үчүн камаласыз”,- деп коркутту. Ал УКМКда иштерин айтты. Курултайга катышууга мага эмнеге тыюу салынышы керек?

Ыргалай Бекмуратова коомдук ишмер Дастан Сарыгыгуловдун ишине тиешеси бар деп, күбө катары суракка чакырылып жүрөт. Сарыгулов “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып менен камакка алынган.

Бүгүн Бишкекте оппозиция жана “Референдумга жок” кыймылынын активисттери Конституцияны өзгөртүүгө каршы курултай өткөргөн. Ага Ыргалай Бекмуратова катышкан.

УКМК аны коркутууга байланыштуу окуяга комментарий бере элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG