Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Министрдин айдоочусуна байланыштуу чыр иликтенүүдө


"Лексус 570" үлгүсүндөгү автоунаа
"Лексус 570" үлгүсүндөгү автоунаа

Транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаровдун айдоочусуна байланыштуу чыр боюнча мекеме ичинде иликтөө жүрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Жума күнү айдоочу министрликтин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Айнура Абдраевага кол көтөргөнү тууралуу кабар тараган. Маалыматка караганда, Абдраева министр жүргөн автоунааны мекеменин короосунда сүрөткө тартканы үчүн айдоочу ага оройлук кылган жана сумкасын тартып алган. Абдраева машинени уулунун коллекциясы үчүн сүрөткө тартканын айткан.

Министрди ташып жүргөн мамлекеттик номуру 1010BZ “Лексус 570” автоунаасы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» ишканасына катталганы тууралуу кабарды айрым агенттиктер расмий булакка таянып жарыялашты. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы бышыктай да, төгүндөй да элек. (SE)

XS
SM
MD
LG