Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

АКШдагы бороондо жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


"Мэттью" бороону согуп жаткан кез. Гаити.

"Мэттью" бороону согуп жаткан кез. Гаити.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин алдын ала маалыматына ылайык, Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штатындагы “Мэттью” бороонунда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Элчилик жарандарды сак болууга чакырууда. Тактоо иштери уланып жатканын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

“Мэттью” бороону 4-октябрда Гаитиде башталып, 800дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Он миңдеген кишилер жабыркады.

Жума күнү бороон АКШнын Флорида штатына жетип, жүздөгөн үй электр жарыгысыз калган. Адистер бороон Жоржия жана Түштүк Каролинага багыт алганын, бүгүн аталган штаттарга жетерин кабарлашкан. Шамалдын ылдамдыгы саатына 195 км жетип жатат.

Мындай бороон 118 жыл мурун болгону, суу ташкыны коркунучу да бар экени айтылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG