Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Анкарада эки жанкечти өзүн жардырды


Түркия баш калаасы Анкара шаарында 7-октябрда эртең менен полиция операциясы учурунда эки жанкечти өзүн жардырып жиберди. Кабарларга ылайык, Хаймана районунда бир аял жана эркек чабуул пландап жатканы тууралуу маалыматтан кийин аларды кармоо операциясы жүргөн. Ошол учурда өздөрүн жардырышкан.

Полиция жанкечтилер Диярбакырдан келгенин билдирди. Эркектин тек-жайы такталды, бирок ачык айтыла элек. Экөө тең Күрт жумушчу партиясынын мүчөлөрү деп шектелүүдө. Алардын дагы бир шериги изделип жатат.

Жанкечтилер жайгашкан үйдү тинтүү учурунда жардыргыч затка пайдалана турган 200 кг аммиак табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG