Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Стамбулдагы "Түрк дүйнөсү" фестивалында кыргызстандык режиссерлор Артыкпай Сүйүндүков, Молдосейит Мамбетакунов жана Стамбулбек Мамбеталиевдин "Көч" даректүү тасмасы баш байгеге ээ болду.

Бийик тоолор арасындагы топозчулардын турмушун чагылдырган “Көч” тасмасы буга чейин Казандагы мусулман кинолорунун фестивалында жана Катардын борбору Дохадагы даректүү тасмалардын эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алган. 2012-жылы жергиликтүү “Ак илбирс” кино сыйлыгында “Эң мыкты тасма” деп табылган.

Стамбулда өткөн фестивалдын алкагында "Түрк дүйнөсүнүн өзгөчө сыйлыгы" жаш режиссер Адилет Каржоевдин "Сары ой" тасмасына ыйгарылды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Ниязга түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын атынан сыйлык тапшырылды.

Бул жылы алгачкы ирет өтүп жаткан фестивалда Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Татарстан, Хакасия, Азербайжан жана Башкыртстандан даректүү тасмалар ат салышты. (ElB)

"Көч" тасмасынан үзүндү

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG