Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Йемен баш калаасы Сана шаарындагы шииттерге каршы абадан урулган соккуда 82 жайкын тургун набыт болду. Беш жүздөн ашуун адам жараат алды.

Батыш агенттиктери чабуулду Сауд Арабия башында турган коалиция ишке ашырганын маалымдады. Бирок коалиция муну тастыктаган жок.

Йемен өкмөтү азыр мамлекеттин бир бөлүгүн гана көзөмөлдөйт. Түштүктө радикал жихадчыларга, батыш жана түндүк аймакта шиит топторуна каршы күрөш жүргүзүүдө. Сауд Арабия башында турган коалиция Йемен өкмөтүнө көмөк көрсөтүп келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG