Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Грузиядагы шайлоодо бийликчил партия алдыда келатат


"Грузин кыялы" партиясынын тарапкерлеринин майрамдык маанайы. 8-октябрь, 2016-жыл. Тбилиси.

"Грузин кыялы" партиясынын тарапкерлеринин майрамдык маанайы. 8-октябрь, 2016-жыл. Тбилиси.

Грузияда 8-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча бийликчил партия утуп чыкты. Ишемби күнү кечинде “Грузия кыялы – Демократиялык Грузия” партиясы жеңишке жеткенин билдирди. Расмий маалымат жекшембиде жарыяланат.

Көз карандысыз уюмдардын сурамжылоолору боюнча да шайлоодо “Грузин кыялы” жеңээри күтүлүүдө. Экинчи орунду экс-президент Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы алат деп айтылууда. Үчүнчү орун “Патриоттор альянсы – Бирдиктүү оппозиция” блогуна тийиши ыктымал.

Парламенттик шайлоого катышууга 19 партия жана алты блок каттоодон өткөн. Мамлекетте үч жарым миллион адам шайлоо укугуна ээ. Жарандар төрт жылдык мөөнөткө 150 депутат тандашат.

Жергиликтүү булактар шайлоого отуз миңден ашуун байкоочу көз салып жатканын жазышты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG