Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Грузияда бийликчил партия жеңгени расмий жарыяланды


"Грузин кыялы" партиясынын тарапкерлерли

"Грузин кыялы" партиясынын тарапкерлерли

Грузияда 8-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Грузин кыялы” партиясы жеңгени расмий кабарланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Тамар Жвания билдиргендей, аталган партияга 51% жакын добуш берилген. Экинчи орунду экс-президент Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы ээледи. Оппозициядагы бул партия 25 пайыздан көбүрөөк добуш алды.

Парламенттеги орундарга ат салышкан башка бир да партия же блок 5 пайыздык чектен ашпады.

“Грузин кыялы” партиясы 8-октябрда шайлоо аяктары менен эле өздөрүн жеңүүчү катары жарыялаган. Оппозициядагы партиялар административдик ресурс колдонулганын айтып жатышат.

Парламенттик шайлоого катышууга 19 партия жана алты блок каттоодон өткөн. Мамлекетте үч жарым миллион адам шайлоо укугуна ээ. Жарандар 150 депутатты төрт жылдык мөөнөткө шайлашты. Аларга мандат ноябрда берилет.

Жергиликтүү булактар шайлоого отуз миңден ашуун байкоочу көз салып жатканын жазышты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG