Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Бишкекте БУУ күнү белгиленди


Бишкектеги Эмен багында Бириккен улуттар уюмунун күнү белгиленди. 8-октябрда өткөн иш-чараны уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мэриянын колдоосу менен уюштурду.

Курманжан Датканын эстелигинин жанында өнөрпоздор симфониялык музыка чалып, шаардыктарга жана конокторго майрамдык маанай тартуулашканын мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Музыкаларды “Манас” оркестринин артисттери ойношту.

Маалыматка караганда, бул концерт БУУ күнүн белгилөө майрамынын бир бөлүгү. Ар ишемби ушундай иш-чаралар өтүп, 22-октябрда жыйынытктоочу майрам болот.

Бириккен улуттар уюмунун күнү 1947-жылдан бери 24-октябрда белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG