Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Кыргызстанда октябрь айында террордук чабуул жасалып, адамдарды барымтага алуу сыяктуу окуялар болушу ыктымалдыгын Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги да эскертти. Мындай билдирүү элчиликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына 9-октябрда жазылды. Билдирүүдө Кыргызстанда жүргөн британиялыктарды этият болууга чакыруу жасалган.

Бир күн мурун АКШнын Бишкектеги элчилиги “жергиликтүү бийлик менен чет элдик дипломаттарга каршы террордук чабуул, адамдарды барымтага алуулар октябрь айында болуп кетиши мүмкүн” деген маалымат таратып, Кыргызстандагы америкалык жарандарды этият болууга чакырган. Мындай билдирүү элчиликтин сайтына чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан ыктымалдуу теракт тууралуу кабар иликтенип жатканын билдирген. Атайын кызмат элчиликтен билдирүү келбегенин, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кабарлар боюнча эле иликтөө жүрүп жатканын айтууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG