Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан төрт адам жабыркады


Кыргызстанда оор жол кырсыктары көп катталат (Иллюстративдик сүрөт).
Кыргызстанда оор жол кырсыктары көп катталат (Иллюстративдик сүрөт).

Бишкек-Торугарт каттамынын 18-20 чакырымында 8-октябрда жеңил автоунаа менен жүргүнчү ташыган кичиавтобус кагылышкан. Андан кичиавтобустун ичиндеги төрт адам жабыркап, Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген. Алардын абалы дурус. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, маршруттук такси Бишкектен Токмокту көздөй баратып жеңил машине бурулуп жатканда сүзүп алган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда быйыл 3 миңден ашуун жол кырсыгы катталды. Набыт болгон адамдардын саны 567ге жетсе, жаракат алгандар 5600дөн ашты. Кырсыктарга көбүнесе машинени катуу ылдамдык менен айдоо, каршы тилкеге чыга калуу жана жол эрежелерин сактабагандык түрткү болуп жатат.

XS
SM
MD
LG