Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 04:13

Коомдук угуу бүгүн саат 10до Жогорку Кеңеште башталат. Аны өткөрүү чечимин өткөн аптада Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитет кабыл алган.

Документти депутаттар Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Тынчтык Шайназаров сунуштаган.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен референдумду мыйзам аркылуу дайындоо, ошондой эле ага биометрикалык каттоодон өткөндөрдү гана катыштыруу максат кылынууда. Жаңы өзгөртүүгө ылайык, референдум өткөрүүнү өкмөт, депутаттар жана 10 миң шайлоочу сунуштай алат. Азыркы мыйзам боюнча референдумду президент дайындайт.​ (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG