Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Коомдук жана саясий ишмер Апас Жумагуловдун таржымалы тууралуу китеп жарык көрдү. “Апас Жумагуловдун доору” аттуу орус тилиндеги китепти публицист Кубан Мамбеталиев жазды. Анда Жумагуловдун балалык кезинен тарта өмүр жолундагы жасаган иштери сүрөттөлгөн. Китеп Бишкектеги “Турар” басмасында 500 нускада басылды.

Апас Жумагулов 1934-жылы төрөлгөн. Совет учурунда бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп, Кыргызстан Компартиясынын төрагасы да болгон. 1993-жылдан 1998-жылга чейин өкмөт башчылык милдетти аркалаган. Андан кийин онго жакын мамлекеттерде Кыргызстандын элчиси болуп эмгектенген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG