Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

АКШ Мамлекеттик департаменти чет элдеги жарандарын сак болууга чакырууда


АКШ желеги.

АКШ желеги.

АКШ Мамлекеттик департаменти чет мамлекеттердеги жарандарын сак болууга чакырып, террордук актыларды ишке ашырууну көздөп жүргөндөрдүн колуна түшүп калуудан этият болууга үндөдү. Анда “Ислам мамлекети” радикал тобу АКШ жарандарына каршы ар кандай кыянатчылыкка барышы мүмкүн экени эскертилген.

Департаменттин саякатчыларга багытталган сайтындагы билдирүүдө дүйнө континенттериндеги жагдайлар өз-өзүнчө жазылган. Борбор Азиядагы абал сүрөттөлгөн бөлүктө Бишкектеги Кытай элчилигинде жакында эле жанкечти өзүн жардырганы, окуя болгон жер АКШ элчилигине өтө жакын экени баяндалат.

8-октябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да расмий билдирүү таратып, Кыргызстанда октябрь айында теракт жана адамдарды барымтага алуу сыяктуу окуялар болуп кетиши ыктымалдыгын жазган жана жарандарын этият болууга чакырган. Эртеси эле ушул өңүттөгү билдирүүнү Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги тараткан.

УКМК бул билдирүүлөр иликтенерин маалымдаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG