Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Грузиядагы парламенттик шайлоодо берилген добуштардын дээрлик 100% саналып, Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала жыйынтыгын маалымдады. Шайлоо аралаш система боюнча өткөрүлдү. 150 орундуу парламенттин 77 мандаты партиялык тизмелер боюнча бөлүнөт. Башкаруудагы "Грузия кыялы" партиясы 48,6% добуш алып, жеңишке жетти. Оппозициядагы Бириккен улуттук кыймылга добуштардын 27% тийди. Ал эми 73 орун үчүн ат салышуу бир мандаттуу чөлкөмдөрдө жүрүп, жалпы жыйынтык эмки айда гана белгилүү болмокчу. Бул ирет шайлоочулардын 51% гана добуш берген.

Эл аралык байкоочулар 8-октябрдагы өнөктүк атаандаштык маанайда өткөнүн, жакшы уюштурулганын жана негизги эркиндиктер сакталганын белгилешти. Муну менен бирге үгүт кампаниясы учурунда мыйзам бузуулар, зордук-зомбулук фактылары катталып, жалпы шайлоого көлөкө түшүргөнү да айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG