Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Даңазалуу режиссер Анджей Вайда дүйнө салды


Анджей Вайда.
Анджей Вайда.

Польшалык даңазалуу кинорежиссер Анджей Вайда 90 жашында көз жумду. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, Вайда бир нече күн эс-учун билбей жатып, 9-октябрда үзүлдү. Маркум 1926-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кино академияда окуган. Биринчи фильми согушка жана Польшанын нацисттик оккупациясына каршы кыймылына арналган. Вайда “Күл жана алмаз”, “Мармар адам”, “Бейиштин босогосу” жана башка тасмалары менен таанылган.

1981-жылы Канн кинофестивалинде “Темир адам” фильми Алтын пальманы жеңген. 2000-жылы режиссер кино тармактагы жетишкендиктери үчүн Оскарга татыган.

XS
SM
MD
LG