Орусиянын коопсуздук күчтөрү Дагестандагы атайын операцияда бери дегенде үч согушкер жок кылынганын билдирди. Орус маалымат каражаттары жумурияттын коопсуздук органдарына шилтеме кылып жазышкандай, 10-октябрда башталган рейд Сулейман-Стал районунда жүргүзүлүүдө. Бир аскер жараат алганы кабарланды. Дагестан куралдуу кылмыш топторунун жана Түндүк Кавказда ислам халифатын түзүүнү көздөгөн жоочулардын зордук-зомбулугунан жабыркап келатат. Кан төгүүгө ошондой эле уюшкан кылмыштуулук, саясий талаш-тартыштар, уруулардын атаандаштыгы салым кошууда.