Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт


Шайлоо.
Шайлоо.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Тийиштүү мыйзам жана чечимдер кабыл алынып бүтсө, ошол күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өтөт.

Мурда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 4-декабрда өткөрүү пландалган. Бирок Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аны 11-декабрга которууну сунуштаган эле.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, шайлоочулардын тизмесин тактоо, уюштуруу жана техникалык маселелерди чечүүгө жергиликтүү башкаруу органдары да тартылат. Алар Мамлекеттик каттоо кызматына жана шайлоо комиссияларынын көмөк көрсөтөт.

Серепчилер референдум менен шайлоону бир күндө өткөрүү алешемдиктерди пайда кылыш мүмкүндүгүн эскертип келишүүдө. Активисттер жана оппозициядагы саясатчылар референдумга каршылык көрсөтүп жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG