Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

Ошто мектеп директору милицияга пара берип жатканда кармалды


Оштогу мектептердин биринин директору Шаардык ички иштер башкармалыгыын 5-бөлүмүнүн кызматкерине 100 доллар пара берип жатканда кармалды. Калаа милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, директор окубай, Орусияга кетип калган алты балага мектепти аяктаганы тууралуу жасалма аттестат берүүнү кол астындагыларга буйруган. Бул тууралуу милицияга маалымат түшүп, анын мыйзамсыз аракети аныкталган.

Ишти өз ара бүтүрүп, жаап салууну өтүнгөн директор милиция кызматкерине 100 доллар пара сунуштаган. Тартип сакчылары, аны акчаны берип жаткан учурда кармашкан. Кылмыш-жаза кодексинин “пара берүү” беренеси менен кылмыш иши ачылды жана “жашаган жеринен эч жакка чыкпоо” талабы боюнча баш коргоо чарасы дайындалды. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG