Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Саякатчы Салиев Таити аралына жетти


Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата дүйнөнү айланганы чыккан саякатчы Союзбек Салиев ушул күндөрү Тынч океанындагы Таити аралында жүрөт. Ал литвалык өнөктөшү Йонас Жукнус менен 25-августта бир моторлуу Mooney Ovation 2 учагы менен саякатын баштаган. Учак алгач Ашхабадга бет алып, андан ары Сауд Арабиясына жетишкен. Кийин бир катар өлкөлөрдү айланышты.

Учкучтар 26 мамлекеттин үстүнөн учуп, 47,6 миң километр аралыкты багынтууну пландашкан. Алар Тынч, Атлантика океандарын, Араб чөлдөрүн, Африка саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дарыясын, жалпы Жер шарын айланып келүүгө бел байлашкан. Долбоор “Көчмөн кыргыз” деп аталат. (SE)

XS
SM
MD
LG