Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Путин Стамбулда Эрдоган менен жолугушту


Орусия президенти Владимир Путин энергетика боюнча эл аралык саммитке катышуу жана түрк мамлекет башчысы Режеп Таип Эрдоган менен жолугушуу үчүн Стамбулга келди. Путин Дүйнөлүк Энергетика конгрессинде сөз сүйлөмөкчү. Бул – орус лидеринин былтыркы ноябрдан берки Түркияга биринчи сапары.

Эки өлкөнүн мамилелери ошондон көп узабай, түрк аскерлери Сирия менен чек арада орусиялык согуштук тик учакты атып түшүрүшкөндөн кийин кыйла начарлаган. Москва экономикалык санкцияларды киргизип, туризм, маданият тармагындагы карым-катнашты үзүп салган. Расмий адамдар бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү айтканга чейин барышкан.

Бирок үстүбүздөгү жылы Эрдоган пилоттун өлүмүнө байланыштуу өкүнүчүн билдирген кат жолдогондон кийин мамилелер нормалдашуу нугуна түшкөн.

Стамбулдагы формуга келгенде Путинди түрк президенти Азербайжан мамлекет башчысы Илхам Алиев менен чогуу жылуу тосуп алышты.

Кремлдин маалыматы боюнча лидерлер эки тараптуу алакаларды, ошондой эле регионалдык, эл аралык бир катар маселелерди, анын ичинде Сирия согушун талкуулашмакчы. Мындан тышкары орусиялык газды Европага жеткирүү үчүн Украинаны кыйгап өткөн Түркстрим куурун салуу сунушу сөз болот.

XS
SM
MD
LG