Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Бишкекте органикалык азык-түлүктөрдүн курултайы жана жармаңкеси өтөт


Буудай талаа.

Буудай талаа.

13-16-октябрга белгиленген иш-чараны «Bio-KG» федерациясы уюштурууда. Анын жетекчиси Искендербек Айдаралиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, курултайда жергиликтүү дыйкан, фермерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эл аралык каржы уюмдары жана чет элдик эксперттер менен биргеликте Кыргызстандагы органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү маселесин талкуулашат. Ал эми жармаңкеге өлкөдө өндүрүлгөн азыктар коюлат.

Кыргызстанда органикалык азык-түлүктөрдүн курултайы экинчи, ал эми жармаңке бешинчи жолу өткөрүлмөкчү. Жармаңкеге өлкөнүн бардык аймактарында табигый жана органикалык азыктарды чыгарган 80ден ашык компания катышат.

Өлкөдө 2012-жылы жашыл экономика менен органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган «Bio-KG» федерациясы түзүлгөн. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG