Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

“Атанын керээзи” тасмасы Минск шаарындагы эл аралык кинофестивалга катышат


Фильмдин авторлору.
Фильмдин авторлору.

Тасманын продюсерлеринин бири Талант Төлөбеков “Азаттык” радиосуна билдиргендей, “Атанын керээзи” фильми Беларус башкалаасы Минскиде өтө турган 23-эл аралык фестивалга чакырылды. Кинофестиваль 4-11-ноябрда өтөт.

Аталган тасма буга чейин Монреалдагы эл аралык кинофестивалда баш байге алган. Казакстандагы эл аралык Евразия кинофестивалында мыкты деп табылып, “Тулпар” сыйлыгына ээ болгон. Кинодо жакшы жашоо издеп, Кыргызстандан чет өлкөгө кетип жаткандардын көйгөйү чагылдырылган. (NT)

XS
SM
MD
LG