Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады


Май куюучу жай.
Май куюучу жай.

8-октябрдан тарта Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга, дизелдик отун жана автомобиль газы 1 сомго кымбаттады. Бул тууралуу “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Бензин менен дизелдик отундун баасы акыркы үч айдан бери алгачкы жолу көтөрүлүүдө.

Кулов белгилегендей, акыркы жумаларда автомобиль газынын аздыгынын жана баасы өсүп жатышынын үч себеби бар:

-Кыргызстанда автомобиль газынын кымбаттоосуна биринчиден, Орусиядагы дүң баалардын өсүүсү негизги себеп. Дүң баалар акыркы айларда 90% чейин өстү. Экинчиден, Казакстан автогазды сыртка чыгарууга тыюу салды. Анткени өздөрүндө да тартыштык болууда. Үчүнчүдөн, биздеги мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводу ремонтко жабылып, газ чыгарбай жатты эле. Жакында кайрадан ишке кирди. Мындан ары тартыштык болбойт деген үмүттөбүз.

Ушул тапта Кыргызстанда суюлтулган автомобиль газынын 1 литри 24 сом 50 тыйын. Төрт ай мурда 17 сом болчу.

XS
SM
MD
LG