Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Оштогу Крупская мектебинин жетекчилиги шылуундукка шектелүүдө


Ош шаарындагы №12 Крупская атындагы мектептин жетекчилиги шылуундукка шектелип, сурак берип жатышат. Калаа милициясынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, 2008-жылдан ушул күнгө чейин мектепте иштебеген эки киши үчүн табель толтурулуп, айлык акылары сол чөнтөккө түшүп турган. Муну Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн адистери аныкташты.

Факт боюнча Башкы прокуратуранын Ош облустук жана шаардык тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Мектеп жетекчилиги Кылмыш-жаза кодексинин 304, 316 жана 171-беренелери боюнча тергелип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG