Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Жалал-Абадда балдарын кароосуз калтыргандарга айыппул салынды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жалал-Абад облусунда быйыл жыл башынан бери балдарын кароосуз калтырган жана жакшы көңүл бурбаган 200гө чукул ата энеге айыппул салынды.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, көчөгө кароосуз ташталган жана эмгекке тартылган балдардын жагдайын атайын комиссия карап чыккан. Анын жыйынтыгы менен 1200гө жакын жеткинчектин тарбия чараларын өзгөртүү менен ата- энелерине ар түрдүү айыппул салынган.

Мындан тышкары, быйыл 2 бала балдар үйүнө жайгаштырылган.

Облус боюнча быйыл бойго жете электер арасында 55 кылмыш иши катталып, 87 бала дайынсыз жоголгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG