“Саякбай манасчы” эл аралык коому октябрдын соңунда манасчылардын сынагын уюштурат. “Башканы коюп Манасты айт” аттуу сынак “Тарых жана маданият” каналында түз эфирде жүрөт. Байге фонду 500 миң сом экенин аталган уюмдан кабарлашты.
Тандоо туру октябрдын соңунда, негизги таймаш ноябрда болот. Тандоодон өткөн 12 катышуучу күч сынашып, жума сайын алардын катарынан экөө марадан четтетилип, мыктылар тандалат. Сынакка 15тен 25 жашка чейинки жаш манасчылар катышат.