Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Бүгүн Бишкекте кыргыз жана түркмөн футболчулары беттешет


Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Түркмөнстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши өтөт.

Футбол федерациясынан маалымдашкандай, оюн кечки саат сегиз жарымда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо башталат. Буга байланыштуу шаардагы айрым көчөлөрдө каттамдарга чектөө киргизилет.

Мелдештин жүрүшүн башкы калыс Александра Гаузердин жетекчилигинде казакстандык калыстар көзөмөлдөйт. Ага Санжар Искаков менен Александр Павлов көмөктөшөт.

FIFA рейтингинде Кыргызстан 108, Түркмөнстан 116-орунда.

Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандын футбол федерациясы менен биргеликте бул мелдешти бүгүн дүйнө жүзүндө белгиленип жаткан Эл аралык кыздар күнүнө арналарын маалымдашты. (ECh)

XS
SM
MD
LG