Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

Езид укук коргоочусу Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты алды


Надя Мурад жана Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын жетекчиси Педро Аграмунт.

Надя Мурад жана Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын жетекчиси Педро Аграмунт.

Укук коргоочу Надя Мурад Вацлав Гавел атындагы сыйлыктын төртүнчү лауреаты болду. Бул сыйлык адам укугун коргогон ишмерлерге берилет.

Надя Мурад Ирактагы езид коомчулугунун активисти. Ал езиддер согуш учурунда «Ислам мамлекети» террордук тобунун зордук-зомбулугуна кабылганын биринчилерден болуп айтып чыккан.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы Мурадга 60 миң евро сыйлык тапшырды. Бул иш-чара 10-октябрда Страсбургда өттү.

Мурад 2012-жылы «Ислам мамлекетти» террордук тобунун туткуну болгон. Үч айдан кийин ал качып чыгып, Германияга кеткен.

Надя Мурад учурда укук коргоочу жана Бириккен Улуттар Уюмунун ыктыярдуу элчиси. (ST)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG