Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Төрөбаев: Элчиликтердин билдирүүлөрү боюнча өкмөт кайрылуу жасашы керек


Кыргызстанда октябрь айында "теракт же адамдарды барымтага алуу сыяктуу окуялар болуп кетиши ыктымал" деп, АКШ жана Улуу Британия элчилиги тараткан билдирүүлөр боюнча өкмөт элге кайрылуу жасашы керек. Мындай демилгени “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн Конституциялык, мыйзамдуулук комитетинин жыйынында көтөрдү:

- Эл кооптонуп жатат. Премьер-министр бул жаатта чыгып сүйлөп, кандайдыр шектүү кишилер же буюмдарды көргөндөр каякка кайрылышы керектигин айтып койсо болмок. Бул маселени же биз Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрөлү.

АКШ элчилиги Кыргызстанда октябрда теракт коркунучу бар экенин билдирип, жарандарын сак болууга чакырган. Эртеси ушундай эле билдирүүнү Улуу Британия элчилиги да жасаган. (SE)

XS
SM
MD
LG