Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Мирзиёев соттолгондорго мунапыс берүүнү сунуштады


 Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 8-декабрда белгиленчү Конституция күнүнө карата соттолгондорго мунапыс берүүнү сунуштады.

Өзбекстандын Жогору палатасынын 10-октябрда өткөн жыйынында аялдарды, 18 жашка чыга электе кылмыш кылып камалгандарды, 60 жаштан өткөн эркектерди, чет өлкөлүк жарандарды жана майып болгондорду абактан бошотуу тууралуу сөз болгон.

Парламенттин жыйынтыктоочу чечими 12-октябрда белгилүү болот.

Бул өлкөнү 27 жыл башкарган Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийинки биринчи мунапыс. Өзбекстанда буга чейинки мунапыстар Конституция майрамына бир нече күн калганда берилип келген.

Өзбекстандык айрым адистер Мирзиёевдин мунапыс берүү чечимин декабрь айында өтчү президенттик шайлоого карата добуш топтоо аракети катары баалашууда.(ST)

XS
SM
MD
LG