Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Сүрөтчү Жоомарт Кадыралиевдин өмүр жолуна арналган китеп чыкты


Жоомарт Кадыралиевге арналган китеп.
Жоомарт Кадыралиевге арналган китеп.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган китеп чыкты. Аны Улуттук илимдер академиясынын “Илим” маалымат-басма борборунун директорунун орун басары Сапалкан Арипов жазды. Китеп “Жоомарт Кадыралиев” деп аталат.

III даражадагы "Манас" орденинин жана эл аралык ЕСО маданий борборунун алтын медалынын ээси Жоомарт Кадыралиевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү баянга анын ой-толгоолору, баарлашуулары да кирген. Китеп эскерүүлөр жана сүрөттөр менен коштолгон. Китеп сүрөтчүнүн 70 жылдыгына арналды.

Жоомарт Кадыралиев былтыр февралда 69 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Ал 1995-жылы Таласта курулган “Манас” этнографиялык комплексинин эскизин даярдаган. “Эсимде”, “Туулган жер”, “Репрессиянын курмандыктарына эстелик”, “Кош бол, Алымкан” жана башка ондогон чыгармалары менен кыргыз сүрөт өнөрүндө өз ордун тапкан.

XS
SM
MD
LG