Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

Тоң районунда уюшкан мал уурулар тобу кармалды. Аны мурда жергиликтүү кеңештин депутаты жана айыл өкмөт башчы болгон адам жетектеп келгенин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" билдирди. Шектүүлөр Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында уурулук менен алектенишкен:

- Топтун курамында бештен көп киши болгон. Топтун жетекчиси Кочкор районунда айыл өкмөт башчы жана жергиликтүү кеңештин депутаты болгону аныкталды. Үч облустан 90дон ашуун кара мал уурдашканы такталды,- деди Осмонбаев.

Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана шектүүлөр эки айга убактылуу камакка алынды. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG