Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Президенттин Грузияга сапары башталат


Грузия.
Грузия.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Алмазбек Атамбаев 12-13-октябрдагы расмий сапарынын жүрүшүндө Грузия президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугат. Анда эки тараптуу алаканы жакшыртуу, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат. Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Атамбаев андан ары 13-14-октябрда иш сапар менен Арменияга барып, Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун жыйынына катышат. Анын алкагында уюмга мүчө мамлекеттер - Армения, Беларус, Орусия, Казакстан жана Тажикстандын башчылары менен бирге эл аралык жана аймактагы олуттуу маселелер, азыркы коркунучтарына каршы чогуу күрөшүү аракеттери ортого салынат. (NT)

XS
SM
MD
LG