Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Тажикстандык согушкерлердин 90 пайызы интернет аркылуу азгырылганы аныкталды


Сириядагы уруш.

Сириядагы уруш.

Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандыктардын 90 пайызы интернет аркылуу азгырылган. Бул тууралуу Тажикстан Башкы прокуратурасы билдирди. Маалыматка караганда, алардын ичинен 85 пайызы эмгек мигранттары болгон жана экстремисттик топторго Орусияда жүргөндө кошулуп кетишкен.

Коңшу Ооганстандагы абалдын начарлашы Борбор Азия, анын ичинде Тажикстанда экстремисттик идеялардын жайылышына түрткү берүүдө. Тажикстанда экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштелип жатканы белгилүү болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG