Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

Эки укук коргоочу президенттин үстүнөн Жогорку Сотко кайрылат


Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова.

Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова.

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жакын арада Жогорку Сотко кайрылышат. Бул тууралуу “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Президент болобу, депутат болобу бийликке жамынып алып, кемсинтип, жалаа жаап же болбосо башка адамдарды өз кызыкчылыгына пайдаланышына жол берилбеши керек. Казакстандагы укук илимдеринин доктору бул багытта өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жиберген. Ал Конституцияны абдан жакшы түшүнгөн адам экен. Маселени эл аралык деңгээлде да карап жатышат.

Эки укук коргоочунун президенттин үстүнөн жазган арыздарын 7-сентябрда Бишкек шаардык соту канааттандырган эмес. Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим күчүндө калган. Быйыл Энелер күнүндө мамлекет башчы кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган. Укук коргоочулар жыйынга байкоо жүргүзүү максатында барышканын айтышып, президенттин сөзүнө нааразы болуп сотко кайрылышкан. Алар мамлекет башчынын кечирим суроосун жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылышууда. Ишти алгач Биринчи Май райондук соту карап, президенттин пайдасына чечим чыгарган эле. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG