Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

Орусиянын аба күчтөрү бир нече күндүк жымжырттыктан кийин Сириянын Алеппо шаарынын чыгышындагы козголоңчулар көзөмөлдөгөн бөлүгүн бомбалоону кайра баштады. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюмунун маалыматы боюнча, Бустан аль-Каср жана Фардос райондорунда аба чабуулдары кеминде 8 адамдын өмүрүн алды. Шаардын бул райондорунда 250 миңдей адам курчоодо турат.

- Сириянын бийлиги аба соккуларын азайтууну көздөй турганын жарыялагандан берки бул эң чоң бомбалоо, - деп билдирди аталган уюмдун башчысы Рами Абдел Рахман.

5-октябрда Сирия армиясы Алеппонун чыгыш тарабында бомбалоону азайтарын билдирип, жай тургундарды козголоңчулардан алыс болууга чакырган.

Сирия обсерваториясы уюмунун билдиришинче, Орусиянын колдоосу менен Сириянын аскер күчтөрү Алеппону кайтаруу операциясын баштагандан бери ал жакта 290дой адам каза тапты. Алардын басымдуу бөлүгү жай тургундар.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG