Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

13-октябрга аба ырайы


Бул аптада Кыргызстан аймагында аба ырайы төмөндөп, жаан-чачын көп болору, дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөрү маалымдалууда.

13-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорго кар жаайт. Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым учурларда 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +13...+18

Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16,

Ош, Баткен жана облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21,

Ысык-Көл дубанында +2...+7, күндүз +12...+17,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +13...+18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкек шаарында 13-октябрда түштөн кийин жаан жаайт. Түнкүсүн +7…+9, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG